Сузак районунда таштанды төгүлгөнү үчүн эки мектепке 34 миң сом айып салындыКыргыз профессионал театрына 100 жыл: Бишкекте шоу-концерт өттүБишкектин үч конушунда 5-ноябрда таза суу убактылуу өчүрүлөтКУЭТтин жетекчилиги алмашты: башкы директор жана анын орун басары кызматтан кеттиКыргызстанда бир жумада сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны 6,9%га өстүТелефонун блоктон чыгарып берем деп алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды
Өзгөндө дарыгер УКМКнын кызматкерине 300 миң сом пара сунуштаган деген шек менен кармалды
21.07.2025 | 18:07
Өзгөн райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Б.Г.Т. 300 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК аталган ооруканада текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында жогоруда аталган башкы дарыгер мыйзам бузууларды жашыруу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн УКМКнын кызматкерине 100 000 сом пара сунуштаган. Баш тартуудан кийин ал акчаны 300 миң сомго чейин көбөйтүп, пара берүү аракетин уланта берген.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар