Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты

06.06.2023 | 09:22

Кыргызстандык окуучулар өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча Эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, олимпиада 9-майдан 4-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 72 окуучу катышты.

Кыргызстандын командасы:

– Корнияш Фёдор, Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси – алтын медаль;

– Акенеев Тимур, “Газпром Кыргызстан” мектеби – күмүш медаль;

– Мусаходжаев Султан, Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясы – коло медаль;

– Даниярова Мерида, Бишкек шаарындагы Intellect School жалпы билим берүүчү жеке мектеби – катышуучу;

– Шакиралиев Адилет, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;

– Сарыкбаев Саян, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;

– Токтоназаров Амантур, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;

– Айдаров Бектур, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу.

Команданын жетекчилери – Мамбетов Тимур жана Хасанова Махидильхан.

Команданын машыктыруучусу – “Газпром Кыргызстан” мектебинин мугалими Мамат Ишматов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top