Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты

Кыргызстандык окуучулар өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча Эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, олимпиада 9-майдан 4-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 72 окуучу катышты.

Кыргызстандын командасы:

— Корнияш Фёдор, Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси – алтын медаль;

— Акенеев Тимур, “Газпром Кыргызстан” мектеби – күмүш медаль;

— Мусаходжаев Султан, Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясы – коло медаль;

— Даниярова Мерида, Бишкек шаарындагы Intellect School жалпы билим берүүчү жеке мектеби – катышуучу;

— Шакиралиев Адилет, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;

— Сарыкбаев Саян, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;

— Токтоназаров Амантур, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;

— Айдаров Бектур, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы — катышуучу.

Команданын жетекчилери — Мамбетов Тимур жана Хасанова Махидильхан.

Команданын машыктыруучусу — “Газпром Кыргызстан” мектебинин мугалими Мамат Ишматов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>