Кыргызстандык окуучулар Сочиде өткөн биология боюнча эл аралык олимпиадада алтын медаль тагынышты

19.05.2025 | 15:36

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча Open International Biology Olympiad (OIBO 2025) аттуу  эл аралык олимпиада биринчилик орундарды багындырышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Олимпиада 10-17-майда Орусиянын Сочи шаарындагы “Сириус” билим берүү борборунун базасында өткөн. Анда дүйнөнүң ар кайсы өлкөлөрүнөн келген окуучулар үч баскычта күч сынашкан: теориялык, практикалык жана командалык долбоордук турлар.

Кыргызстандан барган курама команда жогорку даярдыкты көрсөтүп, 1 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алышкан. Мындан тышкары, командалык долбоордук турда 1-орунду ээлеп, алтын медаль менен сыйланышкан.

Жеңүүчүлөр:

  • Дмитрий Рубан, «Сейтек-STEM» билим берүү комплекси – алтын медаль;
  • Увалиев Нурсултан, Х. Карасаев атындагы Каракол лицейи – күмүш медаль;
  • Виноградов Арсений, Ж. Баласагын атындагы Токмок лицейи – күмүш медаль;
  • Русланбеков Улукбек Арстанбекович, «Сейтек-STEM» билим берүү комплекси – күмүш медаль;
  • Асанкалыев Ахмед, Жайыл Баатыр атындагы ООЛ – коло медаль;
  • Русланбеков Омурбек Арстанбекович, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи – коло медаль.
Scroll to Top