Кыргызстандык өспүрүмдөр алыш боюнча Азия чемпионатында 13 медалга ээ болушту

Кыргызстандык өспүрүмдөр алыш боюнча Азия чемпионатында 13 медалга ээ болушту

Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан алыш (бел кур) күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы мыкты жыйынтык көрсөтүп, жалпы жонунан 13 медаль утуп алышты. Алардын ичинен 7 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль болуп, өлкө намысын коргогон жаш балбандар чоң жетишкендикке жетишти.

Мелдешке Серод-15 жана Серод-17 жаш курагындагы балбандар катышып, Азиянын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген мыкты спортчулар менен күч сынашты. Кыргызстандын жаш курама командасы бул турнирде өз чеберчилигин, күчүн жана өжөр мүнөзүн көрсөтүп, мелдештин көрүнүктүү командаларынын бири болууга жетишти.

Бул медалдардын ар бири — спортчулардын жана машыктыруучулардын талыкпаган эмгегинин, үзгүлтүксүз машыгуулардын жана мекенге болгон сүйүүнүн жемиши. Азия чемпионатында жеңишке жетишүү жаш спортчулар үчүн чоң дем болуп, келечекте эл аралык аренада да ийгиликтерге жол ачат.

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>