Кыргызстандык парадзюдочулар рейтингдик мелдеште 4 медаль утту

05.07.2023 | 16:43

Кыргызстандык пара дзюдочулар Финляндиянын Лахти шаарында өтүп жаткан эл аралык рейтингдик мелдеште 4 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалымат болгондой, кыргызстандык спортчулар 1 күмү жана 3 коло уткан. Темирлан Абдыкеримов (60 кг) күмүш медалга ээ болсо, Сезим Артыкбекова (+70 кг), Регина Саламатова (48 кг) жана Сүймөнкул Молдобеков (90 кг) коло байгеге татыган.

Мелдеш 1-июнь күнү башталган, 7-июнда жыйынтыкталат.

[image_carousel source=”media: 193189,193188,193187,193186″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top