Жыргалаңдагы «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери 1-декабрда расмий түрдө ачылатКыргызстандык стендап-комик Элдос Алмазов каза болду. Ал 29 жашта элеКРде жалгыз бой ата-энелердин иш күнүн 1 саатка кыскартуу сунушталдыБишкекте 9,6 млн сомдук жаңы вакцина кампасы ачылдыКыргызстандык ветеринарлар «Веттория» эл аралык сыйлыгына арыз бере алышатЧек арасыз сүйүү жана айыл юмору: «Тентек кыз» комедиясы прокатка чыгууда
Ошто таштанды чыгаруу үчүн тариф кымбаттады
05.07.2023 | 16:21
Ошто таштанды чыгаруу үчүн тариф кымбаттады. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Шаардык кеңеш кабыл алган токтомго ылайык, көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин жашоочулары айына эми 25 сом эмес, 35 сомдон төлөйт.
“Ал эми жеке турак-жайлар үчүн тариф 35 сомдун ордуна, 40 сом болду”, – деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Бишкекте таштанды чыгаруу үчүн тарифтер ушул жылдын 1-февралында кымбаттаган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом