Кыргызстандык паралимпиадачылар кол күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун утушту   

Кыргызстандык паралимпиадачылар кол күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун утушту   

Кыргызстандык спортчулар Молдованын Кишинев шаарында өткөн кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында медалдарга ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары эркектер жана аялдар арасында армрестлинг жана пара армрестлинг боюнча дүйнө чемпиондугун жеңип алышты.

Мелдеш 14-августтан 24-августка чейин Кишинев шаарында өтүп жатат. Турнирге 61 өлкөдөн 1500дөй спортчу катышууда.

Теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрү боюнча спорт мектебинен 3 спортчу (бардыгы паралимпиадачылар) катышып, төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөтүштү:

— Токтосун уулу Бекболсун – 2-орун сол кол, 2-орун оң кол, 60 кг салмак категориясы;

— Рак Надежда – 2-орун сол кол, 2-орун оң кол, 60кг салмак категориясы;

— Камчыбек уулу Эрлан – 3-орун оң кол, 60 кг.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>