Кыргызстандык Сейтек Качкынбай Японияда мамлекеттик кызматка дайындалды

Кыргызстандык Сейтек Качкынбай Японияда мамлекеттик кызматка дайындалды

Кыргызстандык Сейтек Качкынбай Японияда мамлекеттик кызматка дайындалды. Бул тууралуу ал «Фейбсуктагы» баракчасына жазды.

Сейтек Качкынбайдын айтымында, ал JET программасынын алкагында Хоккайдо дубанынын Накашибецү шаарынын мэриясынын экономика департаментине эл аралык алакалар боюнча координатор кызматына дайындалды. Ал мэр Ютака Нишимуранын кабыл алуусунда болгон.

«Мэр Нишимура мырзанын расмий кабылдоосунан кийин мындан ары мэрияда мамлекеттик кызматта болмокчумун», — дейт ал.

Сейтек Качкынбай 1977-жылы 2-мартта Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда төрөлгөн. 1999-жылы Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш жана кытай филологиясы факультетин аяктаган.

1997-1988-жылы «XXI кылымдын кадрлары» мамлекеттик программасы боюнча Кытайдын Шаньдунь университетинде байыркы кытай тилин үйрөнгөн.

Япониянын Васеда университетинде магистратураны жана докторантураны окуган.

Кыргыз, япон, кытай, корей, англис, орус жана өзбек тилдерин билет.

BaseTRADING кыргыз-корей компаниясында вице-президент болуп иштеген.

2021-жылы «Альянс» партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.

Сейтек Качкынбай

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>