Борбор Азия өлкөлөрү БУУнун улутчулдукка каршы күрөшүү резолюциясын колдоштуДоналд Трамп $5 млрд ордун толтуруу талабы менен сотко бергенБишкек абанын булганышы боюнча 27-орунду ээледиЖогорку Кеңеште 5 депутаттык топ түзүлдү. Үч гана депутат топко кирген жокМүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн КМШнын биринчи кышкы спартакиадасы Уфада башталдыСалык кызматы жылдык планды ашыгы менен аткарып, рекорддук 275,7 млрд сом чогултту
Кыргызстандык шахматчылар эл аралык турнирде 3 медаль утушту
22.12.2023 | 21:03
Кыргызстандык спортчулар балдар-өспүрүмдөр арасындагы шахмат боюнча мелдеште 3 медаль утту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Rokirvka Festival 2023 аталышындагы турнир Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага Кыргызстандан Шахмат боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышты.
Мелдештин жыйынтыгында жаш шахматчылар 3 медалга ээ болушту:
– Жибек Сагынбекова – 1-орун (10 жашка чейинки балдар арасында);
– Адия Аманова – 3-орун (10 жашка чейинки кыздар арасында);
– Айнура Исаева – 3-орун (12 жашка чейинки кыздар арасында).
Рубрики: Жаңылыктар