Садыр Жапаров менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, кызматташтык маселелерин талкуулаштыЫсык-Көлдөн 6 миң метрден ашуун синтетикалык тор чыгарылдыОрусиянын элчиси Сергей Вакунов: «Этникалык негиздеги жаңжалдар — бул иш жүзүндө мамлекеттин өлүмү»Адылбек Касымалиев ЕАЭБ жыйынында миграция жана логистика маселелерин көтөрдү«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы унаа жол курулатЖайыл районунда тогуз жетим балага жер тилкелери берилди
Кыргызстандык спортчу Имандос Бектенов ок атуу боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль утту
05.02.2026 | 10:16

Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча улуттук курамасынын мүчөсү Имандос Бектенов Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Мелдеш 2-февралдан 14-февралга чейин Нью-Дели шаарында өтүүдө. Ага 19 өлкөдөн 385 спортчу катышып жатат. Кыргызстандын курама командасынан 16 спортчу барган.
Биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча, 10 метрге пневматикалык тапанчадан атуу (10 m Air Pistol) көнүгүүсүндө Кыргызстандын эки спортчусу финалга чыкты. Жаштар арасында Имандос Бектенов 2-орунду ээлеп, күмүш медалга татыды. Чоңдор арасында Аскат Токмоков 7-орунду ээледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт