Депутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алдыМамлекетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилген. Кочкордо айыл аймактын мурдагы башчысы кармалдыКыргызстанда унааны онлайн каттоого болот — жарлыкка кол коюлдуКытай Кыргызстандан тамак-аш азыктарын экспорттоочулар үчүн каттоонун жаңы тартибин киргизүүдөКРда айлык акыны жогорулатуу — 1-апрелден кимдердики жана 1-сентябрдан кимдердики көбөйтүлдүКР Саламаттык сактоо министрлигинде энелердин өлүмүн азайтуу жана балдардын ден соолугун чыңдоо боюнча чаралар аныкталды
Кыргызстандык спортчулар Азия жаштар оюндарында төрт медаль утту
27.10.2025 | 17:30

Кыргызстандык спортчулар Манама шаарында өтүп жаткан III Азия жаштар оюндарында ММА жана муай-тай боюнча бир күмүш жана үч коло медаль утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Күмүш медаль
- Мухаммадрасул Кадирдинов — 60 кг салмакта, ММА боюнча (вице-чемпион).
Коло медалдар
- Кубаныч Шаршенбаев — 75 кг, ММА боюнча.
- Гүлмайрам Абдыкеримова — 60 кг, ММА боюнча (Казакстандын спортчусун жеңген).
- Рамис Масловец — 48 кг, муай-тай боюнча.
Мелдештер Exhibition World Bahrain конгресс-борборунда өтүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт