Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Кара-Көлдүк аксакал президентке турак жай маселесин айтты
27.10.2025 | 17:11

Президент Садыр Жапаров Кара-Көл шаарындагы ГЭСтин ачылышына катышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Жолугушууда бир аксакал шаардагы турак жай маселесин көтөрүп, 1960-жылдары салынган көп кабаттуу үйлөрдүн эскиргенин айтты. Ал мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн Кара-Көлдө да курулушун күтүп жатканын билдирди.
Президент өз кезегинде 5 жана 9 кабаттуу жаңы үйлөр 10 гектар жерге куруларын, курулуш иштери келерки жылы жазында башталарын, тургундар болсо 1–2 жыл ичинде жаңы батирлерге көчөрүн айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом