Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун жансыз денеси табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болотКыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилет
Кыргызстандык үч тасма Румыниядагы кинофестивалда көрсөтүлөт
06.11.2024 | 17:57
Кыргызстандын режиссерлору тарткан үч тасма Румыниядагы Quo vadis? (Каякка баратасың?) эл аралык фестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Фестиваль 7-10-ноябрда өтөт. Анда Асел Жураеванын “Теңирберди”, Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Акыркы көч”, Эрнест Абдыжапаровдун “Манасчы Сагымбай” тасмалары көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, аталган кинофестиваль быйыл алгачкы ирет өткөрүлөт.