Кыргызстандык мушкерлер бокс боюнча 18 жашка чейинки спортчулар арасында Астанада өткөн Азия чемпионатында 9 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Байгелердин үчөө күмүш, алтоо коло.
Күмүш алгандар:
- Зафарбек Камалов (51 кг),
- Амантур Жумаев (57 кг)
- Мухаммадазиз Закиров (80 кг)
Коло байге ээлери:
- Ясур Таалайбек уулу (48 кг),
- Дилербек Садиров (60 кг),
- Садыр Рахманбердиев (75 кг)
- Тыныстан Алыбаев (92 кг)
- Медина Абдылдаева (57 кг)
- Зарина Курбанова (60 кг)
Курама команда мелдешке улук машыктыруучу Улан Төлөнбай уулунун жетекчилиги алдында катышты.