IT-компаниялар Кыргызстандан келген студенттерге кызыкдар — «Касперский лабораториясы»Жапаровдун АКШдагы сапары: Кыргызстанда америкалык “Ситибанктын” филиалын ачуу меселеси каралдыКыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылатБишкектин Калыс-Ордо конушуна 650 орундуу жаңы мектеп салындыКытай менен чек арадагы көпүрө Кыргызстанга болжол менен $1 млн чыгым болушу мүмкүнБазар-Коргондо лицей окуучуларына мыйзамсыз аттестат берилген. Башкы прокуратури иш козгоду
Көлбаев менен Матраимовдун аукционго коюлган мүлкүнүн төртөө сатылды
07.05.2024 | 16:39
Кримтөбөл Камчы Көлбаев менен мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун аукционго коюлган 10 мүлкүнүн төртөө сатылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинен билдирди.
Маалыматка караганда, төрт жер тилкеси 174 миллион 975 мин 100 сомго бааланды.
Алар:
- Жер тилкеси, 5 миң 324 чарчы метр, Чүй облусу Орто-Сай айылы;
- Жер тилкеси, аянтты — 2443,0 чарчы метр, дареги – Бишкек шаары, Токтоналиев – 88;
- Жер тилкеси, аянтты 600 чарчы метр, дареги Бишкек шаары, Тонтоналиев -94;
- Жер тилкеси, 800 чарчы метр, Чүй облусу, Алүмүдүн району, Арашан айылы.
Калган алты мүлк кайрадан аукционго чыгарылды.
Белгилей кетсек, аукцион 29-апрелде өткөн.
Бүгүн дагы аталган жарандарга тиешелүү айрым мүлктөр сатыкка чыгарылды.
Кылмыштуу топторго каршы күрөштүн алкагында алынган объекттер аукциондон сатылат
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом