Кыргызстандыктар iPhone 11 уюлдук телефонун алуу үчүн 4 ай бою эмгек акысын чогултуусу керек

Кыргызстандыктар  iPhone 11 уюлдук телефонун алуу үчүн 4 ай бою эмгек акысын чогултуусу керек

Кыргызстанда орточо эсеп менен 16.4 миң сом айлык алгандар, жаңы үлгүдөгү iPhone 11 уюлдук телефонун алуу үчүн 121.4 иш күнүнүн эмгек акысы керектелет. Муну менен катар, айлыгынын 12.7 миң сомун коротпошу керек. Бул изилдөөнү picode.com порталына жарыяланганын «Акчабар» жазды. 

Ал эми Өзбекстандын жашоочулары үчүн 125.7, Тажикстандын жашоочулары үчүн —  204.3 иш күндүн эмгек акысы керектелет.  Швецариянын жашоочулары үчүн 4.8 иш күн, АКШнын 5.8 күн жана Люксембургдун жашоочуларына  болгону 6.7 иш күндүн эмгек акысына iPhone 11 үлгүдөгү уюлдук телефон келет. 

ЕАЭС мамлекеттеринин ичинен Орусиянын жашоочуларына — 47 күн керектелет. Белорусь жашоочуларына 67.4, казакстандын 76.5  иш күндүн эмгек акысын чогултуу керек. Ал эми Армениянын жашоочулары толук 100 иш күндүн эмгек акысын чогултканда гана, жаңы үлгүдөгү iPhone 11  уюлдук телефону келет. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>