Кыргызстандыктарга электр жабдууларын колдонуу көлөмүн азайтуу сунушталууда

01.11.2025 | 18:56

Ачык акционердик коом «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» (УЭТК) жарандарды электр тармагындагы жүктөмдүн көбөйүшүнө байланыштуу кубаттуу электр шаймандарын колдонуу көлөмүн кыскартууга чакырды. Бул максатта электр энергиясын керектөөгө убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө.

Компаниянын маалыматына ылайык, саат 7:00дөн 9:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин айрым подстанциялар ашыкча жүктөм менен иштөөдө. Электр тармагындагы туруктуу иштөө режимин камсыздоо үчүн керектөөчүлөрдүн эсептегичтеринде кубаттуулук ашыкча жүктөм катталганда автоматтык түрдө 5 киловатттан 3 киловаттка чейин төмөндөтүлөт.

Бул чектөө убактылуу мүнөздө болуп, «Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин» 79-пунктуна жана ишкана менен керектөөчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык жүргүзүлүүдө.

Scroll to Top