Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Кыргызстандын аймагында сутка ичинде 73 мас айдоочу кармалды
27.10.2024 | 17:04
Кыргызстандын аймагында “Бахус” аталышында рейддик иш-чара өткөрүлүп, сутка ичинде жол эрежелерин бузган 4352 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чара жол кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында дем алыш күндөрүнүн соңунда өткөрүлдү.
Кармалган айдоочулардын ичинен:
– мас абалында унаа башкарган 73 айдоочу,
– карама-каршы тилкеге чыккан 35 айдоочу;
– ылдамдыкты ашырып айдаган 432 айдоочу;
– терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 15 айдоочу;
– тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 88 айдоочу кармалган.
Ошондой эле 234 авто унаа жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар