Кыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду6-мартка карата аба ырайыКыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйт
Кыргызстандын бардык мектептери жана жогорку окуу жайлары 3 жумага карантинге жабылды
14.03.2020 | 15:55
Бүгүн, 14-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Ага бардык министрлер катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жыйында коронавируска байланыштуу өлкөдөгү экономикалык абал жана коопсуздук маселелер талкууланды.
Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 16-мартынан баштап, өлкөнүн бардык мектептерин жана жогорку окуу жайларын үч жумага карантинге жабуу чечими кабыл алынды. Мындай чечимге өлкө башчы кол койду.
Президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги жөнүндө дагы бир жолу эскертти. Зарыл болгон иш-чаралар тиешелүү деңгээлде ишке ашырылбаса, эң катуу чаралар көрүлө турганын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом