Кыргызстандын экспортун өнүктүрүү: ишкерлер үчүн жаңы куралдар даярдалды

Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган заманбап практикалык материалдар комплекси иштелип чыкты. Бул демилге Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланып, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Соодага көмөк көрсөтүү» аймактык долбоорунун бешинчи фазасынын алкагында жүзөгө ашырылды.
Экспортко багытталган жаңы колдонмолор, видеоматериалдар жана документтердин шаблондору Кыргызстандын микро-, чакан жана орто ишканалары үчүн атайын иштелип чыккан. Алар жаңыдан экспортко кадам таштап жаткан ишкерлерге да, эл аралык рынокто иштеп жаткан компанияларга да пайдалуу болот. Материалдар экспорттун бардык баскычтарын камтыйт — даярдыкты баалоодон тартып, эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, келишим түзүү жана жүктөрдү жеткирүү процесстерине чейин.
Ишкерлер үчүн эмне камтылган?
Кадам-кадам колдонмолор — экспорттук процедуралар, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, эл аралык көргөзмөлөргө жана B2B жолугушууларга катышуу боюнча;
Окутуучу видеолор — эксперттик кеңештер жана кыргыз компанияларынын ийгиликтүү экспорттук мисалдары менен;
Документтердин шаблондору — экспорттук келишимдер, коммерциялык сунуштар жана коштомо документтер эл аралык талаптарга ылайыкташтырылган;
Чек-листтер жана формалар — экспортко даярдыкты жана бүтүмдөрдү башкаруу үчүн;
Маркетинг жана презентация шаблондору — кыргыз продукциясын чет өлкөлөрдө натыйжалуу илгерилетүү үчүн (айыл чарба, бал, текстиль, туризм жана IT тармактары үчүн).
Эл аралык талаптарга жооп берген материалдар
Бардык материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана эл аралык рыноктордун — анын ичинде сертификаттоо, санитардык, таңгактоо жана бажы тартиптерин — талаптарын эске алуу менен даярдалган. Ошондой эле, максаттуу өлкөлөрдүн маданий өзгөчөлүктөрү жана кыргыз ишкерлеринин реалдуу көйгөйлөрү да эске алынган.
Максат — атаандаштыкка жөндөмдүү ишкер чөйрөнү түзүү
Жаңы ресурстар ишкерлерге эл аралык талаптарды түшүнүүгө, экспорттук документтерди туура түзүүгө, кыргыз товарларын чет өлкөлөрдө илгерилетүүгө жана туруктуу өнөктөштүктү түзүүгө жардам берет.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору жана Соода-өнөр жай палатасы менен өнөктөштүктө ишке ашырылып, «Кыргызстанда өндүрүлгөн» улуттук экспорттук программасынын (2025–2028-жж.) алкагында жүзөгө ашырылууда.
Ишкерлер үчүн бул материалдар акысыз жана ачык форматта онлайн жеткиликтүү. Толук маалымат менен төмөнкү даректерден таанышсаңыз болот: www.export.gov.kg, www.cci.kg