БУУда бүгүн Башкы катчынын кызматына талапкерлердин дебаттары өтөтТИМ Германияда эмне үчүн кыргызстандыктар жумушсуз калганынын жагдайларын тактап жататГерманияда 130 кыргызстандык менен эмгек келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулдуФилософиядан корпоративдик маданиятка чейин: КРСУнун бүтүрүүчүсү Kulikov компаниясында HR тармагын кантип жетектеп калды?Чолпон-Атада ШКУнун саммитинин алдында тышкы иштер министрлеринин кеңеши өтөтАйыл чарба министрлиги фермерлерге көк бөрү (голубика) өстүрүүнү сунуштайт
Өткөн жумада Кыргызстанда 24 миңден ашык жол эрежесин бузган учур катталды
20.10.2025 | 11:41
Өткөн жума ичинде Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугу боюнча 24 миңден ашуун эреже бузуу катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13–19-октябрь күндөрү автоинспекторлор тарабынан 24 миң 566 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.
Анын ичинде:
- 1 миң 642 протокол — тийиштүү документтери жок унаа айдаган айдоочуларга;
- 284 айдоочу — мас абалында унаа башкарганы үчүн токтотулган;
- 232 протокол — унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылаткандарга;
- 220 айдоочу — жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы эрежени бузуу боюнча;
- 3 миң 438 протокол — унааны туура эмес пайдаланганы үчүн;
- 35 айдоочу — авто ээнбаштык үчүн;
- 4 миң 9 айдоочу — ылдамдык чектөөсүн бузганы үчүн;
- 14 протокол — жасалма мамлекеттик номур менен жүргөндөргө;
- 11 миң 939 протокол — башка жол эрежесин бузуу фактылары боюнча түзүлгөн.
Мындан тышкары, өткөн жумада 2 миң 753 унаа айып токтотмо жайына коюлган.
ЖКККББ айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.