12-июнда Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинде Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Руслан Казакбаев Түркия президентинин башкы кеңешчиси Чагри Эрхан менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Негизги көңүл эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды пландаштырууга, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга бурулду.