Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Дүйшөмбүдөгү чемпионатка катышат

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Дүйшөмбүдөгү чемпионатка катышат

11-марттан 15-мартка чейин Дүйшөмбү шаарында 18 жашка чейинки кыз-келиндер курама командалары арасында Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Аялдар футбол ассоциациясы билдирди.

Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы башкы машыктыруучу Гүлбара Уматалиеванын жетекчилиги астында катышууда.

«Аймактын эң күчтүү командасы наамы үчүн Тажикстандын, Өзбекстандын, Ирандын жана Кыргызстандын жаштар курама командалары ат салышат», — деп айтылат маалыматта.

CAFA-2022 чемпионатынын алкагында жалпысынан алты беттеш өткөрүлөт. Ар бир беттештин узактыгы 90 мүнөт.

Кыргызстандын курамасы алгачкы беттешин 11-мартта Тажикстан менен өткөрөт.

Регламентке ылайык, 18 жашка чейинки кыз-келиндер курама командалары арасындагы Борбор Азия футбол ассоциациясынын чемпионаты айлампа системасы менен бир айлампада өтөт. Жеңүүчү команда эң көп топтогон упай менен аныкталат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>