31-январга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 4 миллиард 954 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, карыздын 85,2 пайызы мамлекеттин тышкы карызы. Ал 4 миллиард 221,61 миллион доллар (357 миллиард 992,44 миллион сом). Ал эми 14,8 пайызы мамлекеттин ички карызын түзөт. Ал 732,50 миллион АКШ доллары (62 миллиард 116,23 миллион сом).