Акыйкатчы: Кайрылмандар МККнын кызматкерлеринин айынан жарандык ала алышпай жатат

Акыйкатчы: Кайрылмандар МККнын кызматкерлеринин айынан жарандык ала алышпай жатат

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кызматкерлеринин көңүл коштугунан кайрылмандар Кыргызстандын жарандыгын ала албайт жатышат. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыйкатчынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын жарандыгын алуу учурундагы укуктарынын бузулгандыгы тууралуу Кытайдын жарандары, этникалык кыргыздар Ш. Б. (1951-ж.т.) жана анын жубайы Н. А. (1954-жылы туулган) кайрылышкан.

Алардын арыздары менен таанышууда жана өздөрү менен болгон сүйлөшүүдө аныкталгандай, алар   2016-жылы Кытайдан тарыхый мекени Кыргызстанга туруктуу жашоого келишип, Өкмөткө караштуу миграция кызматы тарабынан аларга кайрылман макамы (статусу) 2017-жылы 30-майда  берилген. Анын мөөнөтү 2020-жылдын 30-майына чейин узартылып берилген.

2019-жылдын ноябрь айында Ш.Б. Ош облусунун Кара-Суу районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө Кыргызстандын жарандыгын алууга кайрылып, анын арызы, документтери 22.11.2019-жылы (чыг.№23-34/2118) МККнын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине жөнөтүлгөн.

Ал эми, Н.А. Ош шаарынын жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө КР жарандыгын алууга кайрылып, анын арызы жана документтери кабыл алынганы тууралуу (13.12.2019-жылы чыгыш №23-41/11050) тактама берилген.

Жогорудагы адамдардын арыздары 9 ай (!) өткөндөн кийин МККнын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти (10.08.2020-жылы №23-2/732 каты аркылуу) Ш.Б. документтерин кайра жаңылоого Ош облусунун Кара-Суу районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

Н. А. Ош шаарынын жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү тарабынан арызы жана документтери кайтып келгендиги тууралуу 2020-жылдын август айында билдирүү алган.

«Ш. Б. жана Н.А. жарандыкка тапшырган учурда документтери так болуп, Кыргызстандын 2007-жылдын 21-майы N 70 “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргызстандын жарандыгына кабыл алууга арыздары кабыл алынган. Ушул мыйзамдын 34-беренесинин 4-бөлүгүнө жана  Президенттин 2013-жылдын 10-августундагы N 174 жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө” жобонун 46-пунктуна ылайык “калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселеси боюнча арыздарды кабыл алуунун жана кароонун тартиби жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте 30 күндөн ашпоого тийиш”- деп көрсөтүлгөн. Демек келип түшкөн арыздар өз убагында каралбай, мыйзамдын талаптары одоно бузулуп, Президенттин алдындагы жарандуулук иштери боюнча комиссиясына алардын жарандык алуу тууралу арыздары жөнөтүлгөн эмес», — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада, МККнын айрым кызматкерлеринин шалаакылыгынан, же болбосо өз милдеттерин так аткарбагандыктан, жогоруда көрсөтүлгөн кайрылмандардын  жарандык паспортторунун мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандын жарандыгына кайрадан тапшыра албай жатышат. Алардын кайрылуусу боюнча Бишкек шаарындагы Кытайдын элчилиги алардын паспортторун жаңылап берүүдөн баш тарткан.

Ал эми Кыргызстанда алардын кайрылмандык  укуктары чектелип калганы айтылат.

Акыйкатчы МККнын төрагасы А.Мамбеталиевге Көңүл буруу актысын жолдоп, анда  Кытайдын жарандары, этникалык кыргыздар, Ш.Б. жана анын жубайы  Н.А. бузулган укуктарын калыбына келтирүү максатында паспортторун жаңылоого жана кайрылмандык күбөлүктөрүн узартууга көмөк көрсөтүүнү жана Ш.Б. жана Н.А. укуктарынын бузулушуна жол койгон кызматкерлерге тиешелүү чараларды көрүүнү сунуштаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>