Баалуу балык түрлөрүн уулоого электрондук түрдө уруксат бериле баштадыТрамп Иранды таш дооруна кайтарам деп коркутту — АКШ президентинин кайрылуусунун негизгилери2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»
Кыргызстандын контингентинин өкүлү Беларусиядагы аскер көрүстөнүндө бабасын эскерди
01.09.2025 | 12:16

Кыргызстандын улуттук аскердик контингентинин өкүлү, Коргоо министрлигинин медицина кызматынын подполковниги Арстан Токтомбаев Беларусияда өзүнүн чоң бабасы Ырысмамбет Токтомбаевдин көрүстөнүнө барып, элесин эскерди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ырысмамбет Токтомбаев 1943-жылдын 28-декабрында Беларусь аймагын немис-фашист баскынчыларынан бошотуу үчүн болгон салгылашта курман болуп, Витебск облусунун Адаменки айылында көмүлгөн.
Эске салсак, учурда Беларусиянын аймагында ЖККУнун «Өз ара аракеттенүү-2025» биргелешкен машыгуулары өтүүдө. Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн улуттук аскердик контингенти полковник Жолдошбек Султановдун жетекчилиги алдында катышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар