ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификациялады
Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд доллардан ашты
10.03.2022 | 18:09
Ушул жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы, ички) 5 млрд 137,36 млн долларды (435 млрд 643,97 млн сом) түздү.
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, алардын ичинен:
– 83,5% мамлекеттик тышкы карыз: 4 млрд 290,26 млн АКШ доллары (363 млрд 810,45 млн сом);
– 16,5% мамлекеттик ички карыз: 847,10 млн АКШ доллары (71 млрд 833,52 млн сом).
2022-жылдын январь-февраль айларында мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы, ички) республикалык бюджеттен иш жүзүндө 3 млрд 520,9 млн сом бөлүнгөн, анын ичинен:
– мамлекеттик тышкы карыз боюнча – 1 млрд 664,9 млн сом;
– мамлекеттик ички карыз боюнча – 1 млрд 856 млн сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика