«Кыргызстандын менчиги болот». Президент элчиликтер үчүн алына турган кеңсе-батирлер тууралуу айтты

«Кыргызстандын менчиги болот». Президент элчиликтер үчүн алына турган кеңсе-батирлер тууралуу айтты

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн сатып алына турган батирлер жана кеңселер боюнча комментарий берди.

Жапаровдун айтымында, Кыргызстан буга чейин дипломатиялык өкүлчүлүктөр үчүн кеңсе, батирлерди ижара алып келип, ал мамлекеттик бюджет үчүн оорчулук жаратып келген.

«Бир эле мисал келтирейин. Калгандары баары окшош эле. Мисалы, Нью-Йоркто БУУдагы биздин өкүлчүлүк бар. Андагы өкүлүбүзгө 30 жылдан бери ижарага батир алып берип келет экенбиз. Айына 5 миң доллар ижара акысын төлөп жатыптырбыз. Элестеткиле эми, 30 жылда канча акчабыз кеткенин. Бир эле өкүлүбүзгө 4 батирдин акчасы кетиптир.

Эгерде тээ башында эле 1 батир сатып бергенибизде, 10 эле жылда өзүн актап, түбөлүккө мамлекеттин менчиги болуп калмак. 4 батирдин акчасы жөн эле ижара акысына кетип калыптыр», — дейт Жапаров.

Ал бул ишти колго албаган жетекчилерди сынга алды.

«Ушунун баарын мурдагы жетекчилер, министрлер ойлонуш керек эле да, алар кайдыгерлик кылышкан. Эми деле кеч эмес деп, бардык элчилерге, консулдарга жана чет өлкөлөрдөгү кызматкерлерибизге батирлерди сатып берип жатабыз.

30 өлкөдө элчиликтерибиз, 11 өлкөдө консулдуктарыбыз, БУУда өкүлчүлүгүбүз бар. Ар бир элчиликте, аз дегенде, 6-7ден көп кызматкер иштеп келет. Ар бири ижарага батир алат. Алардын баарына ижара акысы мамлекеттин казынасынан төлөнүп берилет», — дейт Жапаров.

Жапаров кеңсе менен батирлер сатылып алынса, алар түбөлүк Кыргызстандын менчигинде каларын билдирди.

«Ошондуктан бир жолу сатып берип койсок, ал батирлер менен кеңселер түбөлүк мамлекеттин менчиги болуп кала берет.

Эбегейсиз суммадагы акчаларыбыз үнөм болот. Коммуналдык төлөмдөрдү төлөп коюп, кызматкерлерибиз жашай беришет», — дейт ал.

Ал билдиргендей, буга чейин Кыргызстан үч гана мамлекетте эле кеңсе сатып алган.

«Чет өлкөдө буга чейин үч эле өлкөдө өзүбүздүн кеңсебиз бар экен. Бирөө Берлинде, өз убагында Апас Жумагулович демилгелеп, сатып алып койгон экенбиз. Экинчиси Брюсселде, Чыңгыз Айтматов агабыздын демилгеси менен алыныптыр. Үчүнчүсү Москвада.

Калган өлкөлөрдүн баарында ижарага алып олтурушат. Мындан ары ижара деген сөздү укпашыбыз керек. Эки жыл мурда бардык өкүлчүлүктөргө батирлерди, кеңселерди сатып бергиле деп министрликке буйрук бергем.

Азыр иштер жүрүп жатат. Бардык өкүлчүлүктөргө кеңселик жай, батир сатып берип жатабыз», — дейт ал.

https://reporter.kg/kyrgyzstan-shvejczariya-avstriyadagy-elchilikke-kense-satyp-alyp-zhatat/

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>