Кыргызстандын Министрлер Кабинети Евробиримдик менен соттошуу ниети тууралуу маалыматты төгүндөдү

03.03.2026 | 10:15

Министрлер Кабинети жакында эле «Financial Times» басылмасына чыккан макала боюнча расмий түшүндүрмө берди. Мекемеден баса белгилешкендей, республика мүмкүн болгон санкцияларга байланыштуу Европа Биримдигине каршы соттук териштирүүлөрдү баштоону пландабайт жана ага даярдык көрбөйт.

Министрлер Кабинети Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин маегинде гипотетикалык гана сценарий талкууланганын түшүндүрдү. Бийликтин расмий позициясы өзгөрүүсүз калууда: экспорттук көзөмөлгө жана санкциялык режимдерди сактоого тиешелүү бардык маселелер эл аралык өнөктөштөр менен диалог жана координациялоо жолу аркылуу чечилет.

Евробиримдиктин өкүлдөрү менен болгон байланыштарда негизги басым жол-жоболордун ачык-айкындуулугун камсыздоого, ыкчам маалымат алмашууга жана жөнгө салуучу механизмдерди андан ары чыңдоого жасалат. Соттук же конфронтациялык (тирешүү) чаралары Кыргызстандын өкмөтүнүн иш алып баруу ыкмасына кирбейт.

Кыргыз Республикасы Евробиримдик менен конструктивдүү өнөктөштүккө умтуларын дагы бир ирет тастыктайт жана келип чыккан ар кандай маселелерди белгиленген укуктук жана дипломатиялык каналдардын алкагында жөнгө салууну көздөйт. Министрлер Кабинети өлкө улуттук мыйзамдарга жана өзүнүн эл аралык милдеттенмелерине толук шайкеш келген аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

Scroll to Top