Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги баңгилик менен күрөшүү үчүн жаңы мамлекеттик реабилитациялык борбор ачат
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов дарыгер-нарколог, профессор Жеңишбек Назаралиев менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Тараптар өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү фактор катары таанылган синтетикалык баңгизаттардын жайылуу коркунучу өсүп жаткан шартта, мамлекеттик реабилитациялоо тутумун өнүктүрүү боюнча чараларды талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Аламүдүн районунун Дачное айылында 80 орундуу мамлекеттик реабилитациялык борбор түзүлөрү жарыяланды. Мекеме инсульттан кийинки бейтаптарды реабилитациялоочу учурдагы борбордун базасында ачылат. Өз кезегинде, инсульттан кийин калыбына келүүгө муктаж бейтаптар медициналык көрсөтмөлөр боюнча Воронцовка айылындагы Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтуна жөнөтүлөт.
Саламаттыкты сактоо министрлиги ИИМ жана Билим берүү министрлиги менен биргеликте өлкөнүн окуу жайларында алдын алуу иштерин күчөтүүнү демилгелөөдө. Муну менен катар мекеме жакынкы беш жылга карата баңгизатка каршы мамлекеттик программаны иштеп чыгууга киришти. Министр жардам берүүнүн ачык-айкын тутумун түзүү жана мыйзамсыз реабилитациялык уюмдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу негизги милдет экенин баса белгиледи.
Профессор Жеңишбек Назаралиев жаңы борборду усулдук жактан коштоону камсыздоого жана квалификациялуу адистерди тартууга көмөктөшүүгө даяр экенин ырастады. Эксперттердин жана мамлекеттик органдардын биргелешкен иши дарылоонун натыйжалуу протоколдорун киргизүүгө жана баңгиликке чалдыккан адамдарды калыбына келтирүү үчүн заманбап базаны түзүүгө багытталган.