Кыргызстандын түштүгүндө заманбап Дыйкандарды тейлөө борбору ачылды
Кара-Суу районунун Большевик айылында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин аймактык өкүлчүлүгүнүн, ошондой эле «Дыйкандарды тейлөө борборунун» ачылышы болду.
Белгиленгендей, бул окуя мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү децентрализациялоодогу маанилүү кадам болуп саналат: эми түштүк аймактын аграрчылары борбор калаага барып убакыт жана акча коротпостон, маселелерин жеринде чече алышат.
Жаңы борбор айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ишин мүмкүн болушунча жеңилдетүүгө багытталган. Эми бир имаратта министрликтин бардык ведомстволук түзүмдөрүнүн кызматкерлери иштейт. Тейлөө «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча жүргүзүлөт, бул мамлекеттик кызматтарды, кеңештерди алууга жана керектүү документтерди ыкчам тариздөөгө мүмкүндүк берет.
Мекеме баса белгилегендей: айыл чарбасында убакыт — алтынга тете, жаңы борбордун иши дал ушул ресурсту дыйкандар үчүн үнөмдөөгө багытталган.
Жаңы кеңседе дыйкандар маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча жардам ала алышат:
- Агротехнологиялар боюнча кеңештер;
- Суу пайдалануу маселелері;
- Продукцияны кайра иштетүү;
- Субсидияларды алуу жана мамлекеттик программаларга катышуу.