Кыргызстандын тышкы иштер министри Индияда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргызстандын тышкы иштер министри Индияда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Делиде Индиянын тышкы иштер жана каржы министрлери менен жолугушту.

ТИМден маалымдалгандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү белгилешти.

Коопсуздук, саламаттыкты сактоо, соода, фармацевтика, тоо-кен өндүрүшү жана IT чөйрөлөрүндөгү кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстан менен Индиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2025-2027-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.

Кулубаев ошондой эле Индиянын каржы министри менен финансылык жана инвестициялык чөйрөдө кызматташуунун келечегин талкуулады. Жолугушуунун жыйынтыгында 2019-жылдагы инвестициялык келишимге ратификациялык грамоталарды алмашуу жөнүндө протоколго кол коюлду.

 

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>