Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 4 млрд доллардан ашты
Ушул жылдын январь-августунда Кыргызстандын тышкы өз ара соодасынын көлөмү 4,3 миллиард долларга бааланганын Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бактыбек Шокенов билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылдын ушул мезгилине карата өсүш 19,7%ды түздү.
“Көрсөткүч импорттун 41,4%га өсүшү менен камсыздалды, ал эми экспорт 19,5%га кыскарды. Экспорттун кыскарышы алтын, мөмө-жемиш жана жаңгак, трикотаж жана сүт азыктарынын азайышына байланыштуу. Муну менен бирге синтетикалык продуктылардан, керамикалык буюмдардан, электр машиналары менен жабдуулардан, текстилдик кийимдерден, балык, тамеки буюмдарынан жана кездемелердин экспорту көбөйдү”, – деди ал.
Шокенов импорттун көбөйүшүнө эмне себеп болгонун да түшүндүрдү.
Анын айтымында, импорттоочу өлкөлөр кийим-кече, химиялык продуктыларды, эт азыктарын жана башкаларды жеткирүүнү көбөйтүштү.
“Ошол эле учурда буудай унунун, кара металлдан алынган продукциянын, тамеки буюмдарынын жана буудайдын келүүсү төмөндөгөн”, – деп кошумчалады статистикалык мекеменин төрагасынын орун басары.