5-майда өзбек чек арачылары Кыргызстандын үч жаранына курал колдонушкан. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Окуя Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Актам айыл өкмөтүнө караштуу Дөбө-Коргон участкасында болгон. Үч кыргызстандык октон жаракат алып, Ала-Бука районундагы ооруканага жеткирилди. Ошол жерден алар эсине келбей каза болушкан.
«Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгында жолугушууну 6-майда улантууну макулдашты. Аталган факты боюнча тергөө амалдары башталды», — деп айтылат маалыматта.