Кыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти
РФнын энергетика министри Сергей Цивилев КРнын биринчи вице-премьер-министри Данияр Амангельдиев жана КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөргө ошондой эле «РусГидро» ПАКтын өкүлдөрү катышты.
Талкуунун борбордук темасы электр энергетикасы тармагындагы өз ара аракеттенүү, тактап айтканда — Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кызматташуу маселелерин жөнгө салуу болду. Жолугушуунун катышуучулары долбоор боюнча мындан аркы аракеттерди аныкташты жана бул багыттагы ишти улантууну макулдашышты.
Мындан тышкары, тараптар отун-энергетикалык комплекс (ОЭК) үчүн тармактык буйрутмаларды түзүү келечегин карап чыгышты. Сергей Цивилев бул багытты эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн эң келечектүү багыттардын бири деп атады.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү талкууланды. Россия тарап 2026-жылдын июнь айында Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин жолугушуусунун даталары боюнча ырастоо алды.
Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Россиянын «РусГидро» компаниясы менен болгон карыз талашы жөнгө салынмайынча, Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушун жандандыруу мүмкүн эмес экенин билдирген.