Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Кыргызстандын ЖОЖдору абитуриенттерди онлайн кабыл алууну баштады
20.07.2020 | 12:24
Кыргызстанда бүгүн, 20-июлда жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуу башталды. Абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан https://2020.edu.gov.kg/ системасына катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.
https://2020.edu.gov.kg/ системасына байланыштуу суроолор жаралса, Билим берүү жана илим министрлигинин төмөндөгү ыкчам байланыш номурларына чалып, керектүү маалыматтарды алса болот: 1919; 996 772 608 004; 996 772 667 104; 996 704 925 131; 996 709 652 418.
Ар бир тур аяктагандан кийин абитуриент ушул университетте окууну каалагандыгын ырасташы керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом