COVID-19 илдети чыккан учурдан баштап чет өлкөлөрдөн 20 миңден ашуун кыргыз жараны келди. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда штабдан билдиришти
«Чет өлкөлөрдөн коронавирус инфекциясы чыккан учурдан баштап авиациялык жана жер үстүндөгү транспорт менен 20 миң 638 Кыргыз жараны келди», — деп билдирди тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев.
Анын айтымында, эң чоң жардамдар диаспоралардын, бириккен мекендештердин жана жөнөкөй жарандардын колдоолору менен көрсөтүлүп жатат.