Кыргызстанга электрондук тамекилерди импорттоого салынган тыюу 6 айга узартылды
Кыргызстанга электрондук тамекилерди ташып келүүгө салынган тыюу алты айга узартылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев тиешелүү токтомго кол койду. Ага ылайык, төмөнкүлөрдү Кыргызстанга ташып кирүүгө болбойт:
- ЕАЭБ ТН ВЭД 2404 12 000 0 коду менен классификацияланган, никотин суюктугу бир корпуста камтылган электрондук тамекилер жана никотин жеткирүү системалары;
- ошондой эле ЕАЭБ ТН ВЭД 2404 12 000 0 коду менен классификацияланган, электрондук тамекилерде колдонуу үчүн арналган картридждердеги, резервуарлардагы жана башка идиштердеги никотин камтыган суюктуктар.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Электрондук тамекилерди жана никотин камтыган суюктуктарды импорттоого киргизилген чектөө 2025-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген. Ал 2026-жылдын 1-январында аяктамак. Бул чара «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдын негизинде кабыл алынып, никотинге көз карандылыктын, айрыкча анын жаштар арасында жайылышына каршы күрөшүүгө багытталган.
Анда Экономика министрлиги никотинди жеткирүүнүн жаңы түрлөрүнүн таралышы жана импорт көбөйүп жатканын белгилеген.
- 2023-жылы өлкөгө дээрлик 50 тонна электрондук тамеки алып келинген.
- 2024-жылы бул көрсөткүч дээрлик эки эсе өсүп, 89 тоннага жеткен.
- 2025-жылдын алгачкы сегиз айында эле 12,4 тонна электрондук тамеки импорттолгон, бул алардын суроо-талап жогору бойдон сакталып жатканын көрсөтөт.