Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстанга беш өлкөдөн 355,8 миң смартфон алынып келинген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, телефондордун баасы 25,8 млн долларды түзгөн. Ага ылайык:
Кытайдан — 299 454 даана;
Вьетнамдан — 37 067;
Индиядан – 11541;
Түштүк Кореядан – 6847;
Казакстандан – 928 телефон алынып келинген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз