Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча эң көп арыз түшкөн аймак аталды

Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча эң көп арыз түшкөн аймак аталды

Кыргызстанда ар бир үчүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болсо, ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда ыдыкка кабылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын айтымында, зордук-зомбулукка кабылгандардын 62 пайызы өз өкүлдөрүнө ишеним көрсөтпөгөндүктөн милицияга кайрылышпайт.

Ал белгилегендей, үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча соттун ар бир үчүнчү өкүмүндө шектүүлөр жоопко тартылбай калган.

«Иштер жабылган же убактылуу токтотулган. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча арыздардын көбү Чүй облусунан жана Бишкектен түшкөн», — деди өлкөнүн башкы укук коргоочусу.

Анын айтымында, өткөн жылы Акыйкатчы институту тарабынан балдардын жана аялдардын укуктарынын бузулушуна байланыштуу 337 ​​фактылар иликтенген. Анын ичинен 239 арыз жабырлануучулардын өздөрү тарабынан, 98 иш акыйкатчы институту тарабынан демилгеленген.

Бүгүнкү күндө Акыйкатчы аппараты тарабынан аялдардын укугун коргоо боюнча 141 иш, балдардын укугу боюнча 142 иш, эркектердин үй-бүлөлүк укуктарынын сакталышы боюнча 16 иш жүргүзүлүүдө.

«2022-жылы Акыйкатчыга кайрылган 65 аялдын 23ү уруп-сабоо, 9у кыйноо, 5 бейбаштык, 5 аял зордуктоого кабылган. Алардын 34 пайызы зомбулукка байланыштуу болгон», — деди Атыр Абдрахматова.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>