Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
“Кыргызстан”партиясына лидер болуп кайрадан Канат Исаев шайланды. Лидерликтин Жумабеков баш тартты
22.09.2019 | 14:03
Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда аталган партиянын VI съезди өтүүдө. Анда партия өкүлдөрү башкаруу мөөнөтү бүткөн лидери Канатбек Исаевдин отчётун угуп, андан кийин жаңы лидерди шайлоону жүргүзүштү. Анда кайрадан эле 4 жылга партиянын лидери болуп Канатбек Исаев шайланды.
Ал эми Алмазбек Баатырбеков лидерликке талапкерлигин өз ыктыяры менен алды.
“Кыргызстан” партиясынын лидери болуу боюнча сунуш Дастанбек Жумабековго келип түштү. Ал аталган партиядан депутат болуп шайланган. Учурда Жогорку Кеңештин төрагасы.
“Сунуш үчүн рахмат. Бирок мен өз ыктыярым менен партияга лидер болуудан баш тартам”, –деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат