Кыш жакындап калды: министр Чүйдөгү электр тармактарын текшерди

05.10.2025 | 14:29

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй электр тармактар ишканасынын Чүй райондук электр тармагына (Чүй РЭТ) барып, 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштеринин жүрүшүн текшерди.

Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, Ибраев иш сапарынын алкагында оңдоп-түзөө жана реконструкциялоо иштеринин абалы, ошондой эле Чүй району боюнча акылдуу эсептегичтерди орнотуу процессин көрүп чыкты.

Таалайбек Ибраев жетекчиликке акылдуу эсептегичтерди орнотууну белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берип, Чүй РЭТиндеги оңдоп-түзөө жана реконструкциялоо иштерин 1-ноябрга чейин бүткөрүүнү талап кылды. Ошондой эле «КУЭТ» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиевге электр куроочуларды жайкы жана кышкы атайын кийимдер менен өзүнчө камсыздоо маселесин карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Scroll to Top