Кышкы маанайдын чөгүшүбү же карьералык планбы: кыргызстандыктар эмне үчүн жыл башында жумуш алмаштырышат?
Кыш эмгек рыногунда тынчтык өкүм сүргөн мезгил деп эсептелет: компаниялар бюджеттерин жабат, ал эми кызматкерлер майрам алдында «жылуу ордун» таштап кеткиси келбейт. Бирок дал ушул жыл башы көп учурда өзгөрүүлөрдүн башаты болуп калат. headhunter.kg платформасы «өлүк мезгилде» жумуш алмаштырууга эмне түрткү болорун — чарчоо, эмоция же муздак эсеп экенин түшүнүү үчүн Кыргызстандан 450 жумуш издөөчүнүн арасында сурамжылоо жүргүздү.

Мезгил эмес, максаттар
Стереотиптерге каршы, кыш өз алдынча жумуштан кетүүнүн башкы себеби эмес. Респонденттердин 43%ы үчүн сезондук фактор дегеле роль ойнобойт.
Ал эми дал ушул учурда кетүүнү ойлонгондор көбүнчө жыл башынын символикалуулугуна (29%) жана өткөн мезгилдин жыйынтыгы боюнча бааланбай калуу сезимине («мен мындан көпкө татыктуумун» — 29%) таянышат. Болгону 11%ы маанайын чарчоо жана күндүн кыскалыгы менен байланыштырса, 14%ы жаңы жылдык чыгымдардан кийинки «каржылык жыртыктар» жаңы жумуш издөөгө түртөрүн моюнга алышкан.
Кетүүнүн себептери (триггерлер)
Өзгөрүүлөрдүн башкы себеби — ички кайра баалоо. Сурамжылангандардын дээрлик жарымы (47%) жылдык максаттарын талдап, азыркы ээлеген орду ага дал келбей турганын түшүнгөндө жумуш алмаштыруу жөнүндө ойго келишет. Экинчи орунда — тышкы факторлор: 27%ы жетекчилик менен чырдан кийин кетүүгө даяр, ал эми 16%ы башкалардын ийгилигин көрүп, өзгөрүү идеясына «күйүп» калышат.
Ойдон ишке жумуш издегендер дароо өтүшпөйт. Көпчүлүк үчүн (52%) чечүүчү белги — конкреттүү ылайыктуу вакансиянын пайда болушу. Маанилүүлүгү боюнча экинчи фактор — так пландын болушу (32%), үчүнчүсү — учурдагы шарттарга чыдоо мүмкүн болбой калган «чегине жетүү» (27%).
Эмоциябы же эсеппи?
Кыргызстандык жумуш издегендер карьерага прагматикалык мамиле кылышат. Респонденттердин 40%ы жумуш алмаштыруу чечимин себептерди жана максаттарды түшүнүүгө негизделген таза эсеп деп аташкан. Дагы 37%ы эмоция түрткү болгонун, бирок чечимдин өзү салмакталганын моюнга алышкан. Жана болгону 15%ы «жанына батканда» импульс менен жумуштан кетүүгө даяр.
Өзгөрүүлөргө даярдыгына карабастан, кышкы жумуш издөө этияттык менен айырмаланат. Сурамжылангандардын 15%ы гана активдүү түрдө маектешүүлөргө барышат. Дээрлик жарымы (46%) шашпай жана тандап жооп берүү менен «снайпер» тактикасын тандашат. Жумуш издегендердин чейреги (23%) сунуштарды баамдап, бирок активдүү аракеттерди жасабастан жөн гана рынокко мониторинг жүргүзүшөт. Кышында эмгек рыногун респонденттердин 8%ы гана толугу менен көз жаздымда калтырат.
Жыйынтыгында кыргызстандыктар үчүн жыл башы — депрессиянын эмес, стратегиялык пландоонун учуру. Кышында жумуш алмаштыруу тууралуу ойлор — бул көбүнчө эмоционалдык жарылуу эмес, жыйынтык чыгаруунун жана жаңы максаттарды коюунун натыйжасы, ошондой эле «ошол өзү» (көңүлдөгү) вакансияны күтүү менен рынокко мониторинг жүргүзүү.