Бир жумада 19 миңдей адам «Түндүк» аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салган

11.11.2025 | 11:42

Кыргызстанда ноябрь айынын биринчи жумасында 19 миң 533 адам «Түндүк» тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

1-ноябрдан тарта «Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу» системасы иштеп баштаган. Бул кызмат аркылуу ар бир жаран өз каалоосу менен жана акысыз түрдө өзүнүн атына насыя алууга мүмкүнчүлүктү алдын ала чектей алат.

Эми жарандар «Түндүк» аркылуу каалаган убакта, онлайн түрдө насыя алууга тыюу салып же кайра аны алып сала алышат. Тыюуну алып салуу дароо ишке ашпайт, ал 12 саат өткөндөн кийин гана иштейт. Бул убакыт ичинде жаран чечимин өзгөртүп, “тыюу” өтүнүчүн жокко чыгара алат. Мындай ыкма коопсуздукту жогорулатып, шашылыш чечимдерден сактайт.

  1. Өзүнө-өзү тыюу коюу: «Түндүк» тиркемесине кирүү → “Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу” кызматын тандоо → “Өтүнмө жиберүү” → Кредиттик бюрону тандоо → Иш-аракетти тастыктоо. Коргоо дароо активдүү болот.
  2. Тыюуну алып салуу: Ошол эле кызматка кирүү → насыя бюросун тандоо → “Тыюуну алуу” баскычын басуу. Тыюу 12 сааттан кийин автоматтык түрдө алынып салынат.
  3. Алып салууну жокко чыгаруу: Өтүнмө берилгенден кийин 12 сааттын ичинде кызматка кайра кирип, “Өтүнмөнү жокко чыгаруу” баскычын басса болот — коргоо күчүндө калат.

Мындай механизм башка бирөөнүн атына уурдалган же жасалма маалыматтар менен насыя алынуусуна бөгөт коюуга, ошондой эле карыздык капканга түшүүдөн жана талаштуу кырдаалдардан сактоого жардам берет.

Эске салсак, насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салууга мүмкүндүк берген мыйзам Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, ага ушул жылдын 30-июлунда президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган.

Scroll to Top