БШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болотКыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилетСузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылды
Кытай Кыргызстан аркылуу Европага товар ташыйт
13.10.2021 | 12:37
Эки күндөн кийин Торугарт аркылуу Кытайга товар ташуучу унаалардан 64төн өтө баштайт. Буга чейин 22ден гана өтүп жаткан. Андан кийин Эркеч-Тамда унаалар көбөйөт. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Анын айтуусунда, ушул тапта Кыргызстан Кытай тараптын бардык талаптарын аткарып бүттү. Кытайда экономика 8 пайызга өстү. Товарлар аябай көбөйдү. Анткени, Кытай АКШ менен болгон соода алакадагы мамилелердин солгундагандыгына байланыштуу океан аркылуу өткөн товарлар кирбей калды. Ошондуктан Кытай Кыргызстан аркылуу Европага товарларды алып өтүүгө кызыгып жатат.
Кытай-кыргыз чек арасындагы чектөөлөр үчүн Кыргызстан күнөөлүү. Атайын талаптарын аткара албай жатканын кошумчалады Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика