Кыргызстанда алгачкы венчурдук фонддордун бири — SCP Venture Fund ишин баштадыКара-Суу районунда декабрда жаңы базар курула баштайт — ТуманбаевУКМК баңгизат ташуу каналын уюштурган топту аныктап, бир жаранды кармадыБаатыр энелердин пенсиясына үстөк акы 1 миңден 5 миң сомго чейин көбөйөтОшМУ менен Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети кызматташатАУРВА: криптоиндустрия үчүн эрежелерди түшүнүктүү жана ачык кылуу керек
Чаткалда кымыз даңазаланат
13.10.2021 | 12:59
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 16-октябрь күнү «Кымыз, бал, шырдак – 2021» аталышындагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу Reporter.kg′ге Чаткал райондук администрациясынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, фестивалда жергиликтүү тургундар күз айы үчүн камдаган кымыз жарнамаланат.
Фестивалдын максаты Чаткалдын кымызын даңазалоо, бренд катары Кыргызстандын башка аймактарына да жайылтуу. Мындын сырткары Чаткалда өндүрүлгөн бал, кол өнөрчүлөр жасалган шырдыктар даңкталат. Ошондой эле фестивалда айыл чарба жарманкеси да уюштурулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика