Кытай мамлекети Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигине коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүгө колдоо көрсөтүү максатында гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.
Кытайдан 7 млн 690 миң сом эсептелген ПЧР-диагностикалоо реагенттери, жеке коргонуу каражаттар: бир жолку комбинезондор, термометрлер, медициналык көз айнектер, кол каптар жана бахилалар келген.
Жүктү тапшыруу иш-чарасы вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана Кытай мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин катышуусунда өттү.
Элчи айым Ду Дэвэнь, коңшу өлкөлөрдүн кыйын учурда бири-бирине кол сунушу кыргыз-кытай стратегиялык мамилелеринин жогорку деңгээлинин ачык көрүнүшү экендигин белгилеген.
Вице-премьер министр Аида Исмаилова Кыргыз Өкмөтүнүн атынан Кытай мамлекетине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.
Мындан мурда Кытайдан COVID-19 дартын аныктоочу 21 000 даана экспресс-тесттер келген.