Кытай мамлекети 2020-2021-окуу жылы үчүн Кыргызстандын жарандарына 13 орунга стипендия берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
Маалым болгондой, бул орундар — бакалавриат, магистратура, докторантура жана кытай тил такшалмасы үчүн бөлүнгөн.
Тандоо көз карандысыз комиссия тарабынан 2020-жылдын 9-январында эки тур менен Мамлекеттик башкаруу академиясынын имаратында өтөт.
Ар бир багыт боюнча кимдер катыша алат жана талаптар боюнча кеңири маалыматты Билим берүү министрлигинин сайтынан алууга болот.