Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу Жалал-Абадда 100дөй үй көчүрүлөт

24.07.2025 | 14:01

Бүгүн, 24-июлда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында темир жол линиясына туура келген турак-жайларды көчүрүү маселеси боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйын президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматовдун жетекчилиги алдында өттү. Ага көз карандысыз баалоо жүргүзүүчү эксперттер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү мекемелердин кызматкерлери катышты.

Жыйында Нурлан Эрматов курулуш иштерине байланыштуу 100гө жакын турак-жайларды баалоо жана көчүрүү иштерин баштоо керектигин айтып, ишти эки топко бөлүп уюштурууну тапшырды.

Ошондой эле, ал бул процессте жарандардын кызыкчылыктары толук эске алынып, бардык иштер мыйзамдын алкагында так жана ачык жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Scroll to Top